Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

30.09.2020 экинчи толкунга даярдык

 

Экинчи толкунга даярдык

COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну Батыш Европада башталгандыгы тууралуу ар кандай маалымат булактары жарыя кылууда.

Кыргызстанда бул  коркунучтуу  илдеттин күчөшү ыктымалбы? Дарыгерлердин айтуусу боюнча биздин өлкө  таажы вирусунун таралышы сасык тумоо менен кайрадан жайылышы күтүлүүдө. Анткени, эки оору тең респиратордук болуп эсептелинет. Өлкөбүздүн айрым региондорунда COVID-19дун белгилери менен ооруган адамдардын саны өсүп жаткандыгы кооптондурбай койбойт.

Жайыл районунда COVID-19дун экинчи толкуну менен күрөшүү алкагында иш-чаралар каралууда. Бул вирустук инфекцияга туруштук берүү максатында коомдук тамактануу жайларынын санитардык-эпидемиялогиялык талаптардын аткаруусун көзөмөлдөө аракеттери жүрүүдө. Коюлган ченемдерди  бузган кафе, ашканаларга, ресторандарга катуу чаралар көрүлүүдө.

Жайыл районунун саламаттыкты сактоо мекемелери таажы вирусу менен ооруган адамдардын саны көбөйгөн шарттарда тиешелүү керебет оорундары менен камсыз кылууга даяр. Алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн бардык медициналык каражаттар каралган.

Орто окуу жайлардын босогосун алгач  аттаган биринчи класстын окуучулардын ден соолугунун коопсуздугу камсыздалууда. Менчигине карабастан, баардык мектептер  тиешелүү санитардык каражаттар менен камсыздалган.

2020-2021-окуу  жылында  аралыктан  окутуу  процессин жакшыртуу  максатында Жайыл райондук  билим  берүү  тарабынан билим берүү мекемелерине  усулдук  жардамдар  жана  педагогикалык  колдоолор  көрсөтүлдү.

Мектеп  жетекчилери  үчүн учурдагы  окутуу   процессин  көзөмөлдөөнүн  ыңгайлуу жолдорун  чагылдырган  семинар,окуу-үйрөтүмдөр  өткөрүлдү. Мектептердин педагогикалык  жамаатынын  иштерин максаттуу жүргүзүүдө  мугалимдер  үчүн  техникалык  каражаттарды    жана Google form, Kahot, Zoom,WhatsApp, Meet  платформаларын колдонуу  боюнча  окуу-үйрөтүмдөр  өткөрүлүп, практикаланып жатат. Ал эми  аралыктан  окутулуп  жаткан  окуучулардын көйгөйлөрү чечилип,  балдар ар кандай булактардын жардамы менен   телевизор,  уюлдук телефондор  менен  камсыздалды.   Учурда  аралыктан  окутуу  процесси  ийгиликтүү  жүрүп  жатат.

  Акылбек МУКТАР.

 

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.