Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

25.08.2020 Жайыл району билим берүү тутумунун кызматкерлеринин август конференциясы өткөрүлдү

Санариптик билим берүү- өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы багыты
Жайыл районунда "Санариптик билим берүү- өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы багыты" аттуу темада билим берүү тутумунун кызматкерлеринин август конференциясы пандеми учурунда санитардык-эпидемиялогиялык шарттарды сактоо талаптары менен он лайн тартибинде өттү.
Иш чара Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т. Ногоев, Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Арыков, Жайыл районунун ОАБжана МСЭКтин башкы дарыгери О. Джолдошбаев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Жайыл районунун ИИБнүн өкүлдөрү, Жайыл районунун БББнүн кызматкерлери, мектеп жана бала бакча жетекуилери катышышты.
Жайыл районунун акими Т. Ногоев Кара-Балта шаарынын №6 мектеп-гимназиясынын директору Е. Дебелаяга окуу-тарбия процессин жакшы уюштургандыгы жана жаш муундуузак жылдар бою тарбиялоодогу өзгөчө салымы үчүн "Жайыл районунун Ардактуу атуулу" наамын ыйгарды, ал эми ошол эле мектептин физика мугалимдери А. Чойбекова жана математика мугалими В. Анкирский Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасына ээ болушту. Бүтүрүүчү Анастасия Тё жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча 221 упайга ээ болуп "Алтын сертификат" алгандыгы үчүн акчалай сыйлык менен сыйланды.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.