Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

02.06.2020 Жайыл районунда 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылынын 10-апрелиндеги  "Кыргыз Республикасында жыл сайын Эл аралык балдарды коргоо, карылар күнүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күндөрүн өткөрүү тууралуу" № 237 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 26-майындагы "Эл аралык балдарды коргоо Күнүн жана "Биздин балдар - планетанын келечеги" аттуу бир айлыкты өткөрүү" № 91-б буюрмасынын негизинде Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 28-майындагы "Жайыл районунда Эл аралык балдар күнүн  жана "Биздин балдар - планетанын келечеги" аттуу бир айлык 27-майдан  26-июнга чейин өткөрүү тууралуу № 127-б буюрмасы кабыл алынды. Бекитилген иш - мерчемине ылайык  жетим балдарга, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жана балдар үйлөрүнө Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын резервдик фондунан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.  Жалпы билим берүү мекемелеринде онлайн форматта "Балдардын укугу", "Бактылуу балалык", "Балдарды тарбиялоодо ата-эненин орду"  аттуу класстык сааттар өткөрүлдү.  

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.