Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

10.05.2020 Жайыл районунда 9-Май улуу Жеңиш күнү белгиленди

Жайыл районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 5 майыбы, 9 катышуучусу, 1 Ленинград курчоосунун катышуучусу, 1 фашисттик концлагердин туткуну, 12 ооруктун эмгекчилери, 14 майыптын жана 50 согуштун катышуучуларынын жесирлери, 1 эмгек аскери жашайт. Бул Улуу ата Мекендик согуштун апаат күндөрүн башынан өткөргөндөрдүн Кыргызстан боюнча эң чоң саны катары айтылып келүүдө. Жайыл районунда ар бир  согуш ардагерине  өзгөчө мамиле кылуу, курагына карабастан, ар бир жарандын ыйык парзы катары кабыл алынат. 20 кылымдын адамзат тарыхында көрбөгөн кагылуушусунун катышуучулары Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын камкордугунда. Ардагерлерди социалдык кызматкерлер карап, муктаж болгон нерселер менен камсыздоо ишин ар качан жүргүзүп келет.

9-Май Жеңиш күнү таажы вирусунун пандемиясы боюнча карантиндик талаптарды сактоо менен Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Сокен Айдарова, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Омуралиев, Жайыл районунун аскер комиссары Улан Сатыбалдиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бактияров, Жайыл райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аппан Абдыкеев  Кара-Балта шаарынын Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюу аземине катышышты. Курман болгон жоокерлерге куран окулду. 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.