Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

25.03.2020 Урматтуу жарандар (айылдын тургундары)!

Коронавирустун жайылуу коркунучу күчөгөндүгүнө байланыштуу сиздерден сураныч:

- Өзгөчө муктаждык болбосо үйүңүздөрдөн чыкпаңыздар;

- Коомдук жайларга барбаңыздар;

- Эл жыш жайгашкан жерлерден алыс болуңуздар;

- Балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар, алардын балдар аянтчасына, компьютердик оюндар клубдарына барууга тыюу салып, бетти жана колду жуунун гигиеналык эрежесин так сактоону түшүндүрүп бериңиздер;

- Дарыгерлердин жана башка адистердин сунуштарын так (кыйшаюсуз) аткарыңыздар;

- Өздүк гигиена каражаттарын колдонуңуздар;

- Үй шартында карантин эрежелерин сактаңыздар;

- Өзүңүздөрдү элдерден оолак кармаңыздар;

- Жугуштуу оору күмөнү пайда болгон шартта *112, *118,  (0312) 332853 телефондоруна кайрылыңыздар.

Маалымат катары, жарандардын ары бери жүрүүсүнө чек коюу максатында карантин посттору коюлду. Чектөө коюу боюнча көрүлгөн чараларга түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранам.

Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден-соолугуна кам көрүүгө, коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюуга, биз биргеликте гана жетише алабыз.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.