Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

09.03.2020 Поздравление акима с Международным женским днем 8-Марта

Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди жаркыраган жаз майрамы болгон 8-март аялдардын эл аралык күнү менен ак дилимден куттуктаймын!
Ар бир үй-бүлөнүн куту болгон мээрман энелерибизге, камкор эжелерибизге, жеңелерибизге, сүйкүмдүү карындаштарыбызга жаздын алгачкы күндөрү мырзалар таазим кылып баштарын ийет.
Даанышман кыргыз элибиз адамга өмүр, жашоо берген жер, күн, суу, аба, ата-эне сыяктуу улуу аталыштарды үч тамга менен атоону аял, апа, эже, кыз, жаз, гүл деген сөздөргө да ыраа көргөнү кандай гана акылмандык.
Аял - керемет, улуу зат. Аял коомдун ыйык бешиги болгон үй-бүлөнүн куту. Айымдар жакшылыктын уюткусу, ынтымактын данакери, жылуулуктун булагы. Чындыгында аялдарга эселеген түмөн түйшүк жүктөлүп жатпайбы. Аялзаты бала баккан камкор эне, күйөөсүнө сүйүктүү жар, ага жакасын агарткан аял.
Жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, жан дүйнөсү назик, мээримдүү, назик жан, албетте, аялзаты. Аны урматтап сыйлай билүү - мырзалардын ыйык милдет.
Үй түйшүгүнө карабай, мамлекеттик кызматта,айыл чарбасында,өндүрүштүн ар тармагында, же болбосо илим, билим, маданият жаатында болобу жоопкерчилик менен эмгек өтөп аял заты жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келүүдө.
Аялзатындагы, энедеги баалуулук -бул өмүр. Ал ар бир адамга эненин жүрөгү аркылуу берилет, табиятта бул улуу сыр, бийик жоопкерчилик. Жараткан муну сиздерге гана энчиленген. Ушул өзгөчө касиетиӊиздер, элди - эл кылып, улутту - улут кылып, өлкөнү - өлкө кылып турган сиздердин ыйык миссияӊыздар деп түшүнөбүз.
Айымдардын эл аралык күнү кыргыз элине бейпилдикти, туруктуулукту жана ыйык сезимдерди тартуулап турат. Баарыбызга ченемсиз бакыт арнаган аялзаты экенин эч ким тана албайт. Аялзаты табиятынан кандай тармак болбосун жөндөмдүү, айкөл жана кыйын кырдаалда да жол таба билген жан эмеспи. Сиздердеги кечиримдүүлүк, тартиптүүлүк, сезимталдык, сезгичтик менен мыкты жетишкендиктер өлкөбүздүн өнүгүшүндө орчундуу орунду ээлеп келет.
Кудайым Сиздерге бекем ден-соолук, узун жана бактылуу өмүр берсин!
Бул ажайып ааламдагы бардык жакшылыктар Сиздер үчүн! Ар дайым сүйкүмдүү жана жаш болуңуздар!
Үй- бүлөңүздөргө кут, береке орносун, жарык маанайыңыздарды эч нерсе бузбасын! Сиздердин эбегейсиз салымыңыздар менен өлкөбүз өссүн,майрамыңыздар мартабалуу, элибиздин келечеги кенен болсун !

Уважаемые представительницы прекрасного пола!

 

Современная женщина стремится достичь успеха во всех сферах деятельности: она уже не может быть просто домохозяйкой и любящей мамой. Ей нужен успех в работе, занятия любимым делом, поэтому многие женщины сегодня пробуют себя во многих отраслях и везде ей сопутствует успех. Настоящей женщина нужно обязательно испытать себя.  Но она никогда не забывает о своём святом предназначении.

Современная женщина успевает гораздо больше вещей, чем раньше. Она занимается спортом, поддерживает в порядке дом, ухаживает за детьми, решает деловые вопросы.Слабая половина человечества  занимается самообразованием, стремится разбираться во всех интересующих ее вопросах. Кажется, невозможно   сделать все, что она  успевает по-настоящему.

8 Марта - отличный повод от всего сердца высказать слова любви и признательности в адрес женщин - матерей, жен, дочерей, сестер, подруг! Многие женщины, имея семьи, воспитывая детей, добиваются заметных результатов в труде. Наши современницы работают в образовании, здравоохранении, культуре, социальной защите, торговле и общественном питании, немало женщин и среди предпринимателей, руководителей производств разного профиля. И это, наверное, не случайно - ведь именно представители самой прекрасной половины человечества обладают такими качествами, как трудолюбие, профессионализм, ответственность, заботливость, душевное тепло.

Дорогие женщины! Без вашего участия были бы невозможны многие перемены в нашей жизни. В этот праздничный день мы, мужчины, отчетливо сознаем, что обязаны всегда быть вашей надежной опорой. Вы всегда можете рассчитывать на нас!

 Желаю вам праздничного настроения, здоровья, благополучия, множества цветов, и комплиментов. Пусть ваша жизнь будет согрета теплом родных и близких людей, пусть рядом с вами будут любящие и надежные мужчины, готовые взять на себя ношу ответственности за семью и детей, которую вы самоотверженно несете.

Счастья вам, милые женщины! Вы - главное наше богатство!

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.