Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

17.02.2020 Жайыл районунда Ооганстан Республикасынан Советтик Куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди

2020-жылдын 15-февралында Ооган согушунда каза болгон аскерлерге арналган эстеликтин жанында Ооганстан Демократиялык Республикасынан Советтик Куралдуу күчтөрүнүн чектелген контингентинин чыгарылуусунун 31 жылдыгына арналган митинг өткөрүлдү. Митингке Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Т. Ногоев жана Жайыл районунун жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ардагерлер кеңешинин төрагасы, аксакалдар кеңешинин төрагасы, Ооган согушунун катышуучулары жана каза болгон аскерелердин жесирлери катышышты.  Митингден соң Кара-Балта шаарынын "Эр Чолпон" кафесинде  тамактануу жана райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы уюштурулду. Мындан тышкары, февраль айында бардык билим берүү мекемелеринде жолугушуулар, ачык сабактар, класстык сааттар өткөрүлмөкчү.

Жалпысынан Жайыл районунда 167 Ооган согушунун катышуучулары, анын ичинен бири майып жана 19 каза болгон аскерлердин жесирлери жашайт.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.