Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

07.02.2020 Жаздын бир күнү жылга тете

 

Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын чоң залында 2020-жылдын 5-февралында "Жазгы талаа жумуштарына даярдыктар" боюнча  чоң  жыйын болуп өттү. Жыйынга  агрардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, айыл өкмөт башчылары,  айыл башчылары, дыйкан-фермерлер ж.б. катышышты.

         Ал жыйында  Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жумабек Джунушалиев дыйкандарды жазгы талаа жумуштарына эртерээк  даярданууга чакырып өттү.

         Кыргыз Республикасынын Гидрометео  борборунун божомолдоо аба-ырайынын көрсөткүчтөрүнө таянуу менен быйылкы жылы жаздын эрте келишин жана ошого байланыштуу төмөнкү иш-чаралар көрүлүүлөрүн белгилеп кетти.

         1.Райондо 29494га  жер аянтын кош айдоо  күтүлүүдө. Кош айдоого, жер кыртышын түзөтүү иштерине, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн себүүгө жана башка иштерге сарыесеп менен алганда 987тн күйүүчү май керектиги аныкталды. Райондо  22 даана май куюуучу жайлар жана бир даана нефтебаза, андан тышкары "Кыргыз Газпром Нефть" ЖЧК  бар. Быйыл  дагы Чайна Петроль Компани "Джунда" жазда иштеп калса жылдагыдай эле ЖРМА тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп арзандатылган  күйүүчү май дыйкандарга  берилет.

         2.Жазгы себүүгө: буудайдын үрөнү  1067 тн, арпанын үрөнү 4055тн  керектелүүсү күтүлүүдө. Бул үрөндөр: "Жайыл" өндүрүштүк кооперативинде, "Раимбек" д/ч жана  алдыңкы ири чоң дыйкан чарбаларда бар жана айыл өкмөттөргө электрондук почта аркылуу облустук үрөнчүлүк чарбалардын прайс листтери жөнөтүлдү.

         3.Жер семирткичтерден  айыл чарба өсүмдүктөрүн дарылоого райондо 3 даана кампа бар. Бүгүнкү күнгө дыйкандар ошол кампадан алышууда, андан тышкары органоминералдык макро-микро жер семирткичи "Глицерол" бар.

         4.Жазгы талаа жумуштарына райондо 263 даана ар кандай үлгүдөгү тракторлор бар. Дыйкандардын тракторлук паркы жылдан жылга жаңы заманбап тракторлор менен лизинг аркылуу алынып жаңыланып  турат.              

2020-жылы кышкы мезгилде кар өзүнүн көп жылдык ченемден аз жаады. Орто токой суу сактагычында бүгүнкү күндө суу аз. Райондогу 44 даана суу сактагыч бассейндеринде суунун көлөмү 70 % толтурулган. Ошондуктан дыйкан фермерлер эрте  жазда күздүк эгиндерди, көп жылдык чөптөрдү, алма бактарды сугарып алуусу зарыл. Сугаргандан кийин кайра бир сыйра бул бассейндер суу менен  толтурулуп жайкы сугаруу иштерине даяр болуп калуу керек.

 

 

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.