Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

10.09.2019 9-сентябрь "Комуз күнү"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 24-июлундагы "Комуз күнүн" белгилөө жөнүндө Жобосун иш жүзүнө ашыруу максатында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 3-сентябрында "Жайыл районунда "Комуз күнүн" белгилөө жөнүндө" № 299-б буюрмасы кабыл алынып,иш-чаралар мерчеми бекитилди. Иш-мерчемге ылайык 9-сентябрь күнү бардык билим берүү мекемелеринде, китепканаларда көргөзмөлөр, концерттик программалар, кароо-сынактар өткөрүлдү. Ошондой эле Кара-Балта шаардык Ленин атындагы маданият үйүндө райондук маданият бөлүмү уюштурган "Сайрасын кыргыз комузу" аттуу чоң концерт өткөрүлдү.Бул иш-чарага Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М. Телекматов катышып, куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле, райондук китепканасы тарабынан "Таңшый бер, кыргыз комузу" көргөзмөсү уюштурулуп, келген көрүүчүлөргө  кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы даңазаланды.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.