Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

10.09.2019 Жайыл районунда Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  көз каранды эмес Күнүн белгилөө максатында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 16-августунда № 279-б буюрмасы кабыл алынып, иш-чаралар мерчеми жана уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. 31-август күнү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынынын тургундары катышышты. Куттуктоо сөзү менен Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Ногоев Турусбек Молдобекович сүйлөп, райондун өнүгүүсүнө зор салымдарын кошкон инсандарга "Жайыл районунун Ардактуу атуулу" наамын жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Ардактуу грамотасы менен сыйлады. Иш-чараны райондук маданият бөлүмү уюштурган концерттик программа улантты.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.