Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

02.09.2019 Ынтымак кербени Чүй облусунда

29-август күнү Чүй облусуна Жалал-Абад облусунан 40 адамдан турган ынтымак кербени келди. Ал эми Чүй облусунан Жалал-Абад жергесине Сары-Өзөндөн ушундай сандагы эле өкүлдөр жөнөп кетти.

  Эң алгач туштүк аймактан келген ынтымак жарчылары Жайыл районунда болушту. Аларды Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев Суусамыр өрөөнүнөн тосуп алды. Андан соң алар Кара-Балта шаарынын Жусуп Баласагын агартуу борборунда болуп, медресенин окутуучу жамааты менен жолугушту.

30-августта Жалал-Абаддык меймандар Жайыл районунун тургундары менен Кара-Балта шаарынын маданият сарайында жолугушту. Ал жерде өлкөнүн эки аймагынын өкүлдөрү улуттук ынтымак жөнүндө сөз кылышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга тынчтык, коопсуздук аба менен суудай эле керек болуп турат. Биз ар бирибиз мына ушул маселелерге үлүшүбүздү кошушубуз керек экендиги эки тараптан айтылды.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.