Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

19.06.2019 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү -губернаторунун таанышуу иш сапары

2019-жылдын 18-июнунда Жайыл районунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү -губернатор  Намазалиев Алтынбек Абдисаламович менен расмий жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга райондук түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылары, айылдык кеңештин төрагалары,  ж.б. райондук жетекчилер катышышты.

Жолугушууну Жайыл райондук мамлеккеттик администрациясынын башчысы аким-Ногоев Турусбек Молдобекович ачып, жаңы губернаторго Жайыл району жана анын өндүрүшү тууралуу тааныштырып өттү.

Өз кезегинде губернатор сөз алып, өзү бул жерде мурда иштеп кеткендиги  жана райондун жакшы потенциалы тууралуу айтып келип, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирге иштешүүгө, эң башкысы эл ичинде ынтымакта  иштөөгө чакырды.

Ошондой эле, губернатор бул алгачкы эле иш сапарында, райондун өнөр-жай тармагындагы жакшы саамалык болгон, канчадан бери токтоп турган, бирок кайра жандандырылып, жакында ишке кирүүгө даяр турган,   сүт заводунда болуп жакындан таанышты.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.