Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

11.06.2019 Жайыл районунун калктуу конуштарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыгын өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-мартындагы № 37-б буйругун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Жайыл районунун калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин үч айлык жарыялоо тууралуу 2019-жылдын 13-мартында № 63-б буюрмасы чыккан. Үч айлыкты өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Жайыл районунун калктуу конуштарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иш-чараларына райондун бардык мамлекеттик мекемелери, уюмдары жана ишканалары, ошондой эле райондун жашоочулары катышып жатышат.

     Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары тарабынан 2019-жылдын март-май айларына калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-мерчеми иштелип чыгып,  буюрма менен бекитилген. Иштелип чыккан иш-мерчемдин негизинде 2019-жылдын 07-майына карата район боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтар боюнча төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

·        отургузулган көчөттөр - 7709 даана (анын ичинде шаар боюнча -

1453 даана, айыл аймактар боюнча – 6226 даана), ийне жалбырактуулар – 340 д.;

·        чыгарылган таштандылар – 881,5 тн. (262,5 тн. -  шаар, 619 тн.-айыл

аймактар боюнча);

·        арык тармактарынын тазаланышы - 131км,1 (26,61 км.- шаар, 104,55 км.-айыл аймактар боюнча);

·        жолдордун оӊдолушу - (грейдирлөө) 18 км, 55 м.;

·        тосмолордун орнотулушу  - 954 п/м-(айыл аймактар боюнча);

·        аткарылган иштерге кеткен чыгымдардын суммасы – 2 млн. 238 миӊ сом.

 

         Ошону менен катар, райондун түзүмдүк бөлүктөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана райондун тургундарынын катышуусунда чоӊ ишембиликтер өткөрүлдү. Бул Красный Восток айыл аймагынын Гидропартия участогунун тегереги, Сосновка бурулушунан өйдө «Бишкек-Ош» жолу 71-чакырымга чейин жана Кара-Балта шаарынан баштап Сары-Булак айылына кеткен трассасы. Бардык өткөрүлгөн ишембиликтер санитардык тазалоого арналган.

         «Бишкек-Ош» жолу (Сосновка бурулушунан 71-чакырымга чейин) райондун түзүмдүк бөлүктөрүнө бекитилген. Бекитилген участоктордун санитардык абалы дайыма көзөмөлгө алынып турат.

Жогоруда белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жана райондун түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан ишембиликтер ар бир ишемби күндү күтпөстөн, күнүгө тегерек четтерин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана гүлдөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта жашоочулар арасында ишембиликтерди өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ишембиликтерди өткөрүү жана көзөмөлгө алуу боюнча ар бир квартал жана көчөлөр бекитилген.

2018-жылдын 15-ноябрында № 249-б “2019-жылга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча райондук штаб түзүү тууралуу” буюрмасы чыккан. Бул боюнча 2019-жылдын 25-мартында штабдын отуруму өткөрүлгөн, ошондой эле тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилген.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.