Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

23.11.2018 Улуттук тил - кыргыз, аалам сүйгөн Чынгыз!

 

Кыргыз элинин сыймыктуу уулу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жарыяланган "Эне тил жана Айтматов" аттуу мамлекеттик тилдин   3 айлыгынын алкагында  2018-жылдын 28-сентябрында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын № 295-б буюрмасы менен мамлекеттик тилдин 3 айлыгы жарыяланган.

"Эне тил жана Айтматов"-аталышындагы 3 айлыктын алкагында Жайыл районунун бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында, жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана бала бакчаларда кыргыз элинин эң бир сыймыктуу уулу, элибиздин атын ай-ааламга таркаткан  Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата көптөгөн салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Алардын бири, 2018-жылдын  22-ноябрында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы    Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүндө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата "Мамлекеттик тил - улуттук иденттүүлүктүн  өзөгү" илимий-практикалык конференция  жана "Улут тили-кыргыз, Аалам сүйгөн Чынгыз" аттуу салтанаттуу иш -чара өткөрдү.

Иш-чарага  К.Р.  Президентине караштуу          Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич, Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысы Ногоев Турусбек Молдобекович, К.Р. Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Ишеналиева Аида Огобековна ж.б. ардактуу меймандар катышышты. Бул иш-чарада "Мамлекеттик тил - улуттук иденттүүлүктүн  өзөгү"-деген аталыштагы илимий конференция боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич, Жусуп Баласагын атындагы Мамлекеттик Университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Садык Алахан ж.б. Жайыл районунун  №105 окуу жайдын директору өз баяндамаларын жасашып, Театрлаштырылган көрсөтүү жана ыр, бийлер менен коштолуп, иш-чара абдан ийгиликтүү өттү.

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.