Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

30.06.2017 Губернатордук фестиваль-сынагы «Сары-Өзөн чолпондору»

 

"Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата 1-апрелден 12-апрелге чейин райондун билим берүү мекемелеринде «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагы өткөрүлдү. Фестиваль-сынакка райондун бардык билим берүү мекемелери катышты.

Жайыл районунда тандалган номерлердин (25 номер) негизинде 2017-ж. 19-майында Ленин атындагы маданият үйүндө "Сары-Өзөн чолпондору-2017" фестиваль-сынагы өткөрүлдү. Программа вокал, хореография, театралдык чыгармачылыктан түзүлдү.

2017-ж. 27-июнунда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы филармонияда "Сары-Өзөн чолпондору-2017" фестиваль-сынактын Гала-концерти өткөрүлдү. Гала-концертке Жайыл районунан "Аллегро" элдик бий ансамбли жана №6 гимназия мектебинин окуучусу Мухтарбеков Белек катышышты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн допломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты, андан тышкары  14 катышуучу да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Губернатордук фестиваль-сынак жыйынтыкталып Жайыл району  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Гран-при диплому жана 50000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.  

 

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.