Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

29.06.2017 Залкар акын Турар Кожомбердиевдин айкели туулуп өскөн жери Сары-Булакта ачылды.

 

Деги эле акындын көзү өткөнү, Сары-Булак айылындагы дөң үстүндөгү акындын бейит башына барып, арбагына арнап куран окутуп, эскерүү мына быйыл 28-жыл катары уланууда.

                         Убакыт!

Артты кылчак караттырган,

Укмуштай

Жашаганды саматтырган.

Убакыт µм‰р‰њд‰н эсебинен,

                       ¤лбµс-µчпµс чыгарма жараттырган!  -деп кыргыз поэзиясында бийик-бийик ашууларды ашып, µз‰н‰н µлбµс-µчпµс чыгармаларын кийинки жаш муундарга мураска калтырып, болгону 48 жаш курагында элибиздин маңдайына жылдыздай жанып µткµн  зор талант   эгерде көзү тирүү болгондо быйыл-2017-жылдын 22-июнда 76 жашка чыкмак экен.

Бул күнү акындын туулган күнүнө 5 жылы катары айылдын жаштары аркылуу уюштурулуп келген велоспорт жарышы уюштурулуп, мектептин эмгек жамааты жана окуучулары аркылуу чакан концерт менен коштолуп турду.

   Мындагы эң маанилүү окуя катары өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары менен тарыхта түбөлүккө калган элибиздин сүйүктүү акыны  Турар Кожомбердиевдин айкелинин ачылышын айтак. Айкелдин автору Кыргыз Республикасынын белгилүү скульптору Ильмир Мухаммед, акындын туулуп өскөн айылындагы мектептин астында орнотулган эстеликте акынды тулку бою менен чагылдырып, колуна китеп кармаган акындын образын колунан келишинче ачып берген.

Айкелдин салтанаттуу ачылышын Жайыл райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Т.Бердыбаев баштап берди. Салтангатка  акындын бир туугандары, акын -жазуучулар, айылдын эли катышты. Бул Жайыл элинин татыктуу акын уулунун жаркын элесине кылган таазими катары кылынган иштердин бир чети гана болмокчу.

      Анткени, Жайыл районунда акындын жаркын элесине арналган көптөгөн иштер бар. Алсак, акындын ысымы  1990- жылы 25-июлда Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин  232-токтому менен Сары-Булак айылындагы орто мектепке берилген. 2004-жылы Кара-Балта шаарынын борбордук көчөсү Труд проспектине- Турар Кожомбердиевдин  аты ыйгарылган. 2005-жылы Бишкек шаарындагы акын жашаган үйгө мемориал тактасы орнотулган.

           Атаганат кандай гана бактылуу! Алыкулу, Турары бар айылдар!- деп, акындар ыр жазышкандай, Жайыл районунун сыймыктуу уулу, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Лениндик комсомолдук сыйлыгынын лауреаты, кыргыз элинин сүйүктүү классик акыны Турар Кожомбердиевдин 50 жылдык мааракеси, 65 жылдык мааракеси, 70 жылдык мааракеси, 75 жылдык мааракелери Кыргызстан Жазуучулар Союзунан акындын үзөңгү-жолдош калемдештери, акындын  поэзиясын сүйгөн чыгармачыл адамдар жана райондун жалпы эли-журтунун катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.

Гүлайым Токоманова

      Жайыл району Сары-Булак айылы

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.