Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

23.03.2017 Жайыл районунда Нооруз элдик майрамына арналган иш-чара болуп өттү

 

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 13-мартындагы № 70-б буюрмасын ишке ашыруу максатында айылдык аймактар жана Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан иш-чаралар мерчеми иштелип чыгып, майрамды жерлеринде өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бардык айылдык аймактарда жана Кара-Балта шаарында элдик майрамга арналган майрамдык ураандар, транспаранттар, баннерлер илинди. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

2017-жылдын 21-мартында элдик үрп-адаттарды жана каада-салттарды кеңири жайылтуу жана Кыргызстан элдеринин улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин чыңдоо максатында Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана 12 айылдык аймактарында Нооруз элдик майрамы майрамдалды.

Жайыл районунун акими Т.Ногоев, коллегиянын мүчөлөрү жана  Жайыл райондук мамлекеттик администрациясын сектор башчылары райондун айылдык аймактарына барышып райондун жашоочуларын Нооруз элдик майрамы менен куттукташты.

Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан Нооруз майрамына карата Ленин атындагы  маданият үйүнүн алдында майрамдык чоң программадагы концерт уюштурулду жана боз үйлөр тигилип, майрамдык дастаркон жайылып, оюн-зооктор өткөрүлдү.

Ошондой эле  Жайыл районунун 12 айыл өкмөтүндө  майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул майрамга айыл аймактын эли жигердүү катышып, концерттик программалар, кыргыздын улуттук оюндары уюштурулду жана майрамдык дасторкондордун жайылышы менен майрам жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.