Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

09.10.2016 Улуу тил жана алп акын

 

Улуу тил жана алп акын

 

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүндө белгилене турган Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндөгү»  мыйзамынын 27 жылдыгын жана Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгын татыктуу өткөрүү максатында  2016-жылдын 24-августундагы №210-буйругу менен «Улуу тил жана алп акын»- аталышындагы мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялаган.                                  "Улуу тил жана алп акын" мамлекеттик тил айынын алкагында Жайыл районунун бардык жогорку жана орто окуу жайларында, мектептеринде, мектепке чейинки мекемелеринде жана өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик түзүмдөрдө мамлекеттик тилге жана Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына арналган иш-чаралар кызуу өткөрүлдү Алардын мыктыларынын мыктылары 2016-жылдын 7-октябрында Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүндө өткөн Жайыл районунун кулуну, кыргыз элинин классик акыны Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык мааракеси менен айкалыша өткөн салтанатта өздөрүн көрсөтө алышты.

Улуу тил даңазаланган бул иш чарада алп акын Турар Кожомбердиевдин жаркын элесине арналган театрлаштырылган көрсөтүү ойнолуп, обондуу ырлары жаңырып, көркөм окуулар окулду.  Узактыгы 2 саатка созулган иш-чара көз ирмемдей убакытта өтүп, жалпы элдин сезимин козгоп, Жайыл эли акын уулу Турардын поэзиясына таазим эте,                                                                                   сагына көргөндөй болушту.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук  тил комиссиясынан окуу борборунун директору А. Исманкулова, Жайыл районунун акими Т.Ногоев, Кара-Балта ш. вице мери Э. Орозбаков ж. б. катышышты. Мында алдыңкы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер жана кыргыз тилчилер Улуттук тил комиссиясынын төш белгиси, Ардак грамотасы, ошондой эле Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Г.Токоманова

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.