Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

21.05.2015 Энелер куну

Энелер күнү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында энелер күнүн белгилөө жөнүндө” 2012-жылдын 23-апрелиндеги № УП-93  Жарлыгын аткаруу, ошондой эле салтты бекемдөө, энелерди кадырлоо, балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү бекемдөөдөгү ордун таануу  максатында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 14-майында “Кыргыз Республикасынын Энелер күнүнө арналган Жайыл районунда иш чараларды өткөрүү жөнүндө” № 113-б буюрмасы иштелип чыкты. Ушул буюрмага тиркелген иш-чараларга ылайык райондо белгилүү иштер жасалды.

2015-жылдын 21-майында Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүндө райондук иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага  райондун коомдук, социалдык жана маданияттык жашоосуна жигердүү катышканды аялдар, энелер, ошондой эле Баатыр энелер катышышты. Бул иш-чарага ошондой эле райондун жана Кара-Балта шаарынын жетекчилиги, айылдык аймактарынын башчылары, уюм жана мекемелердин жетекчилери катышышты.  Энелер күнүнө карата Жайыл райондук мамлекеттик админиистрациясынын Ардак грамотасы менен жети эне сыйланды, Кара-Балта шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен беш эне сыйланды жана аялдар кеңешинин грамоталары менен беш эне сыйланышты. Райондук маданият үйү тарабынан Ленин атындагы шаардык маданият үйүндө концерттик программа даярдалды.

         Айылдык аймактары жана Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан энелерге, баатыр энелерге ар кандай дасторкон жаюу, концерттик программалардын уюштурулуусу, белектердин жана акчалай каражаттардын таратылуусу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Райондун бардык жалпы билим берүү мекемелеринде, окуу жайларында Энелер күнүнө арналган салтанаттуу тизимдер өткөрүлдү. Бардык мектептерде “Эне сүтүн кантенде актоого болот?”, “Коомдогу айымдардын орду”, “Энелерге таазим”, “Эне үйдүн куту”, “Дүйнөдө баарынан эне ыйык”, “Энени сыйлаган элине жагат”, “Не забывайте матерей”, “Огонек для мам”, “Мамы разные важны, мамы разные нужны”, “Восславим женщину, чье имя мать”, жана башка темаларда класстык сааттар өткөрүлдү. Мектептин китепканаларында көркөм окуу кароо-сынагы, “Менин апам баарынан жакшы”, “Менин сүйүктүү апам”, “Менин апам жана чоң апам” жана башка темаларында сүрөт кароо-сынагы, “Дүйнөдө эң жакшы менин апам”, “Эненин сүтүн актоо – биздин милдетибиз”, темаларына дилбаяндар жазылды, китеп көргөзмөлөр уюштурулду.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да Энелер күнүнө арналган утренниктер, тарбия сааттары, сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлдү.

Райондук “Жаңы мезгил” гезитинин бетине Энелер күнүнө арналган энелер жөнүндө макалалар, ырлардын жарыялануусу менен рубрика ачылган.

Жайыл районунда Энелер кунуно арналган иш-чаралар жогорку денгээлде откорулду.

        

 

Рыскулова С.К. - Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.