Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

14.05.2015 Улуу Женишке 70 жыл

Жайыл районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чаралар.

 

Жайыл районунда 2015-жылдын 9-майына төмөндөгүлөр жашашат:

- 35 Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери;

- 3 фашизмдин туткунчулары;

- 2 Лениграддын блокадниктери;

- 2 каза болгон аскердин жесирлери;

- 57 ооруктун эмгекчилери;

- 2 аскерде эмгектенгендер.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан           «1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга даярдануу жөнүндө» 2014-жылдын № 290-б буюрмасы чыкты жана уюштуруу комитети түзүлүп, 2014-2015-жылдарга 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70-жылдыгын майрамдоо жана даярдануу боюнча иш-чаралар мерчеми кабыл алынган. 2015-жылдын апрель айында Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдануу жана өткөрүүгө атайын уюштуруу комитети түзүлдү.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын    26-февралында № 31-б «Бир күндүк айлык акыны которуу жөнүндө» буюрмасы чыкты. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кызматкерлеринин которулган бир күндүк акча каражаттары согуш жана эмгек ардагерлер Кеңешинин фондуна түштү.  Ардагерлердин фондунан акча каражаттар согуштун майыптарына, катышуучуларына, Лениграддын блокадниктерине, ооруктун эмгекчилерине, фашизмдин туткунчуларына, ошондой эле Жеңиштин 70 жылдыгын өткөрүү жана даярданууга жумшалды.

2015-жылдын февраль айында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын атынан райондогу 36 ардагерлерге (азыркы учурда 35) жалпы суммасы 30000 сом өлчөмүндө акча каражатына  азык-түлүк баштыкчалары таратылды.

2015-жылдын 13-апрелинде «Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Түбөлүктүүлүктүн жана жашоонун урматына» акциясын Жайыл районунда өткөрүү жөнүндө Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан № 75-б буюрмасы чыгып, буюрмага ылайык Жайыл районунда акция согуштун ардагерлеринин катышуусу менен жана райондук түзүмдүк бөлүктөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

2015-жылдын 9-май күнү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аянтынын алдында Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган Жайыл районунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн, уюм-мекеме жана ишканаларынын эмгек жамааттары жана райондун тургундарынын катышуусу менен аскердик парад өттү. Иш-чаранын өтүү убагында «VALORAIR» авиа компаниясынын самолету Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аянтынын үстүнөн учуп, ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын жана Кара-Балта шаарынын мэринин атынан куттуктоо баракчалары ыргытышты. Куттуктоо сөздөрү менен Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.М.Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабданов, райондук согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы А.А.Абдыкеев, райондук аскер комиссариатынын комиссары Н.К.Ниязалиев сүйлөштү. Райондук маданият бөлүмү тарабынан театралдаштырылган көрсөтүүлөрү жана концерттик программалар уюштурулду, андан кийин улуу Ата-мекендик согуштун ардагерлери кафеге чакырылып, майрамдык дасторкон жайылып, сыйланышты. Майрам жогорку деӊгээлде уланды.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын ичине Советтер союзунун маршалдарынын, баатырларынын сүрөттөрү илинип, расмий ачылышы акимдин жана жалпы аппараттын катышуусу менен болуп өттү жана мындан тышкары Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана түзүмдүк бөлүктөрү да Советтер союзунун маршалдарынын, баатырларынын сүрөттөрүнүн 11 (он бир) комплектиси алынып мектептерге, имараттарга илинди.

2015-жылдын башында ар бир Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына материалдык жардам берүү максатында жашаган жери боюнча райондун уюм-мекемелерине, ишканаларга, дыйкан-чарбаларынын башчыларына  бекитилди. Кара-Балта шаары жана 12 айылдык аймактары боюнча бекитүү тизмеси түзүлдү. Бекитилген тизме боюнча уюм-мекемелер материалдык жардамдарды көрсөтүп жатышты.

Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан да белгилүү иштер жасалды. Башкармалыктын социалдык кызматкерлери тарабынан Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын жашоосун социалдык-экономикалык абалына толук мониторинг жүргүзүштү. Ай сайын жана жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөр ардагерлерге өз убагында төлөнүп жатат. «Эскерүү китеби» альманахын чыгарууга Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрү жана биографиялык дайындары Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигине жөнөтүлдү.

Райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борбору тарабынан дайыма Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, конц.лагердин туткунчуларына, Лениграддын блокадниктери, курман болгон аскерлердин жесирлерине бекер медициналык тейлөөлөр көрсөтүлүп жатты.

Райондун 44 жалпы билим берүү мекемелеринде, 6 окуу жайларында жана 31 айылдык китепканаларда «Эрдик бурчу», «Уголок славы» темаларында бурчтар жасалгаланды. «Улуу Жеништин каармандары-сиздерге башыбызды ийебиз!», «Эч ким эч нерсе унутулбайт!» темаларында классттык, куратордук сааттар өткөрүлдү, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Райондук «Жаңы мезгил» жана «Весть» коомдук-саясий гезитинин беттерине Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган рубрикалар ачылган. Бул жакка улуу жеңиштин ардагерлери тууралуу макалалар жарыяланып жатты. Мындан тышкары «Эл сыйлыгы-Жеңиш күнү», «Это нужно живым», «Эл ардагы Жеңиш күнү», «Фото репортаж с парада» жана башка темаларда макалалар гезит бетине жарыяланды.

Жайыл районунда Улуу Жеңиштин 70-жылдыгына арналган иш-чаралар тынч абалда жана жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

Рыскулова С.К. – Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.