Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

19.04.2015 Нур Каатчылык борборунун ачылышы

«НУР» КААТЧЫЛЫК БОРБОРУНУН АЧЫЛЫШЫ.

 

Жайыл районунда «Нур» каатчылык борборунун ачылышы болуп өттү.

 

2015-жылдын 17-апрелинде Кара-Балта шаарында «Нур» аталышындагы каатчылык борборунун ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ачылган каатчылык борборунун жаӊы аталышы “Нур”, 10 балага ылайыкташтырылган.  Аталган борбор Кыргыз Республикасынын социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде  «Жайыл  районунда мыйзам менен келишпестикте болгон балдар үчүн каатчылык борбору»  аттуу темадагы долбоорду «Эгль» Коомдук фонду утуп алып, бүгүнкү күнү Кара-Балта шаарынын аймагында ачылып отурат.

Балдардын «Нур» каатчылык борбору  жашоонун оор сынагына туш болгон биздин кичинекей мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечип, алардын туура жолго түшүүсүнө чоң көмөк болот.

«Нур» борборунун ачылышына Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлү, жазык-аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы жана бириккен уюмдардын өкүлдөрү, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ногоев Т.М., Кара-Балта шаардык мэриясынын вице-мэри Орозбаков Э.К. куттуктоо сөздөрү жана белектери менен келип катышышты. Андан тышкары, Жайыл райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жана жалпы жамааты, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин социалдык мугалимдери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору катышышты.

 

 

Рыскулова С.К. – Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.