Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

07.04.2015 7-Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгы Жайыл районунда

Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгынын Жайыл районунда өткөрүлүшү.

 

           Кыргыз элинин өркүндөп өсүшү жана эркиндиги үчүн адам өмүрлөрүнүн кыйылган баасы менен ишке ашкан Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгын өткөрүү боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын буюрмасына ылайык райондун бардык жер-жерлеринде иш-чара жогорку деңгээлдинде өткөрүлдү.

            Менчигинин түрүнө карабастан, уюмдардын-мекемелердин, чарбачылык субъекттердин, райондун бардык тургундарынын жана эмгек жамааттарынын, окуу жайлардын катышуусу менен Кара-Балта шаарынын жана райондун көчөлөрүн, сейилбактарын тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чаралары (ишембилик) өткөрүлдү.

         Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгына карата райондун бардык эл топтолуучу жайларында, шаарда, айылдык аймактарда ураандар, баннерлер, көрнөк-жарнактар жана желектер менен жасалгаланды. Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ичинде Апрель элдик революциясынан жабыр тарткандарга жана баатырларына арналган дубал гезит чыгарылды. Мындан тышкары айылдык аймактардын имараттарында да Апрель элдик революциясына арналган дубал гезиттер, маалымат тактачалары илинди.

         2015-жылдын 6-апрель күнү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аянтында Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага 2010-жылы апрель айындагы болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткандар жана баатырлар чакырылып, аянттын алдына 3 боз үй тигилди. Мындан тышкары, бул иш-чарага райондун тургундары, райондук түзүмдүк бөлүктөрүнүн, мекеме-уюмдарынын, ишканалардын жетекчилери эмгек жамааттары менен, окуу жайлардын студенттери жана жаштар катышышты.

           Куттуктоо сөзү менен Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.М.Ногоев, Кара-Балта шаардык мэриясынын мэри Д.А.Шабданов, райондук согуш жана эмгек ардагерлер кенешинин төрагасы А.А.Абдыкеев, райондук улуттук-этникалык диаспоралар кеңешинин төрагасы Т.Т.Смаилов, Апрель элдик революциясынын жабырлануучусу Арапбай уулу Тургунбек чыгышты. Апрель революциясынын кесепетинен каза болгон революционерлерге куран окулду жана аларга арналып боз үйлөрдүн ичинде эскерүү тамагы уюштурулду.

          Апрель элдик революциясынын бешинчи жылдыгына арналган спорттук оюндар да өткөрүлдү.

          2010-жылы болуп өткөн апрель окуяларынан жабыр тарткандарга Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын резервдик фондусунан 8 жабыр тарткандарга жана каза болгон Мамашаимов Далердин ата-энесине бир жолку материалдык жардам катары ар бирине 5000 (беш миӊ) сом өлчөмүндө акчалай жардам берилди.

           Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын окуу жайларынын жана жалпы билим берүү мекемелеринде бешинчи жылдыкка карата дубал гезиттер, бурчтар чыгарылып, жасалгаланды, Апрель элдик революциясына арналган класстык сааттар, тегерек столдор өткөрүлдү.

 

 

Рыскулова С.К.  – главный специалист сектора социального развития Жайылской районной государственной администрации.

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.