Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

23.03.2015 Нооруз

Нооруз элдик майрамынын Жайыл районунда өтүшү.

 

2015-жылдын 21-мартында элдик үрп-адаттарды жана каада-салттарды кеңири жайылтуу жана Кыргызстан элдеринин улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин чыңдоо максатында Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана бардык 12 айылдык аймактарында Нооруз элдик майрамы майрамдалды. Бул майрамга райондун эли активдүү катышып, концерттик программалар уюштурулуп жана майрамдык дасторкондордун жайылышы менен майрам жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Нооруз элдик майрамы менен Жайыл районунун акими Т.Ногоев, акимдин орун басары А. Ниязова, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Сатыкеев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ж.Джунушалиев, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башчысы О.Джолдошбаев, ошондой эле Жайыл раймамадминистрациясынын бөлүм жана сектор башчылары райондун айылдык аймактарына барышып райондун жашоочуларын куттукташты.

Нооруз элдик майрамына карата уюштурулган иш-чара эң жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.

 

 

Жайыл раймамадминистрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси - Рыскулова С.К.

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.