Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

10.03.2015 8-Март аялдардын Эл аралык майрамы

8-Март Аялзаттын Эл аралык майрамынын Жайыл районунда өткөрүлүшү.

 

2015-жылдын 6-мартында Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүндө 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына арналган чоӊ иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага райондун активист аялдары, жетекчи аялдар, баатыр энелер жана дегеле аялзаты чакырылды. Алар үчүн маданият бөлүмү тарабынан жогорку деӊгээлде майрамдык концерт уюштурулду.

Райондун аялзатын Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Д.Шабданов, Жайыл районунун ардагерлер Кеӊешинин төрагасы А.Абдыкеев, Красно Восток айылдык аймагынын башчысы Э.Алыбаев, “Шериктештик” улуттук-этникалык диаспоралардын аймактык Кеӊешинин төрагасы М.Рзаев, райондук аялдар кеӊешинин төрайымы Ж. Сариева куттукташты.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин президенти Акбагышева Замира Акбагышевна да Жайыл районунун аялзатын 8-март Аялдар күнү менен куттуктап татыктуу аялдарга Ардак грамотасын тапшырды.

Райондун активист, көп жылдык үзүрлүү жана ак-ниет эмгеги, ошондой эле эмгеги сиӊген 25 аялзатына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан да Ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле Жайыл районунун бардык айылдык аймактарында, уюм-мекеме жана ишканаларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Бардык жалпы билим берүү мекемелеринде, окуу жайларда “Аялзат ааламды терметет”, “Эне үйдүн куту”, “Роль женщины в обществе”, “Моя мама-моя гордость”, “Женщины-цветы жизни”, “Аялзат үйдүн куту” деген темаларда класстык сааттар, куратордук сааттар өткөрүлүп, дубал гезиттер чыгарылды.

8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чара жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.

 

 

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси Рыскулова С.К.

 

 

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.