Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

09.02.2015 Бала-Бакчанын ачылышы

БАЛА-БАКЧАНЫН АЧЫЛЫШЫ.

 

Жайыл районунда дагы бир бала-бакчанын ачылышы болуп өттү.

 

2015-жылдын 6-февралында Сары-Коо айылдык аймагынын Эриктүү айылында, жашоочуларды кубантуу менен бала-бакчанынын ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара  болуп өттү. Ачылган бала-бакчанын жаӊы аталышы “Таалимтай”, 35 балага ылайыкташтырылган.  Аталган бала-бакча 1980-жылдары салынып, 1996-жылы жабылып калган. Ошондон бери 2013-жылы Сары-Коо айылдык аймагы бул мектепке чейинки билим берүү мекемесин кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор жазылып, бүгүнкү күндө бала-бакча ачылып отурат. Бала-бакчага капиталдык оӊдоо иштери жасалды, жаӊы эшик-терезелер орнотулду, эмерек, идиш-аяк, наристелер үчүн методикалык материалдар сатылып алынды.

Таалимтайдын ачылышына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ниязова Анаркуль Кулназаровна, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Сары-Коо айылдык аймагынын башчысы Сейдалиев Таалайбек Турусбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Исаева Динара Шертаевна жана айылдын тургундары катышышты. Райондук маданият бөлүмү тарабынан чакан концерттик программа уюштурулду.

 

 

Рыскулова С.К. – Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.