Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

09.02.2015 Ала-Тоо кышы

Ала-Тоо кышы.

 

2015-жылдын 8-февралында Сары-Булак айылдык аймагынын Моӊолдор айылынын тоосунда “Ала-Тоо кышы” спорттук майрамы болуп өттү. Бул салтка айланган майрамга Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ногоев Турусбек Молдобекович, акимдин орун басары-Ниязова Анаркуль Кулназаровна, Кара-Балта шаардык мэриясынын вице-мэри Орозбаков Эмиль Кемелбекович, райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Сегизбаев Н.Б., айылдык аймактардын башчылары, раймамадминистрациянын, мэриянын жана жалпы эмгек жамааттын кызматкерлери, ошондой эле Жайыл районунун жалпы тургундары, жашоочулары катышып, эӊ жогорку маанайда жакшы эс алып кетишти. Иш-чараны Жайыл раймамадминистрациясынын башчысы Ногоев Т.М. ачты.

Райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмү раймамадминистрациясы менен биргеликте кар үстүндө футбол, шахмат, гира көтөрүү, аркан тартыш, кардан аяз жасоо жана башка массалык спорттук оюндарды, кароо-сынактарды өткөрүштү. Жеӊүүчүлөргө дипломдор, сыйлуу белектер тапшырылды. Райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа уюштурулду. Андан тышкары Сары-Булак айылдык аймагы тарабынан майрамдык дасторкон да уюштурулду. “Ала-Тоо кышы” иш-чарасы жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.

 

 

Рыскулова С.К. – Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.