Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

29.05.2014 Энелер күнү

 Жайыл районунда Энелер күнүн  өткөрүлдү.

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында энелер күнү белгилөө жөнүндө” 23.04.2014 ж. № УП-93 Жарлыгын аткаруу максатында, бардык айылдык аймактарда жана Кара-Балта шаардык мэриясында энелерди сыйлоо, урматтоо иш – чаралары өткөрүлдү.

         Айылдык аймактары жана Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан энелерге, баатыр энелерге ар кандай дасторкон жаюу, концерттик программалардын уюштурулуусу, белектердин жана акчалай каражаттардын таратылуусу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

         Райондун бардык жалпы билим берүү мекемелеринде “Эне үйдүн куту”, “Менин сүйүктүү энем”, “Энелерге таазим”, “Эне тоо боорунан аккан булак”, “Энелердин сүрөтүн тартабыз”, “Эне жөнүндө ырлар”, “Эне сүтүн актоо – ар бирибиздин парзыбыз”, “Адамдын милдети”, “Менин сүйүктүү апам” аттуу класстык сааттар, утренниктер, сүрөт, ырлар, дилбаяндар, концерттик программалар боюнча кароо-сынактар, 15-майдан 20-майга чейин өткөрүлдү.       2014-жылдын 22-майында Кара-Балта шаарынын “Сочи” кафесинде дасторкон жайылуусу менен “Энелерге таазим” аттуу райондук майрамдык иш- чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага райондун 110 энелери катышышты: анын ичинде Баатыр-энелер - 46, 2010-жылдын апрель окуяларындагы жабыр тарткандардын апалары, жубайлары жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон жетекчи айымдар чакырылган. Бул иш-чарада райондун активдүү энелери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын,  Кара-Балта шаардык мэриясынын жана райондук Аялдар кеңешинин Ардак грамоталары, баалуу белектер, гүлдөр менен сыйлынышты жана эң жогорку денгээлде өткорүлдү.

        

 

Рыскулова Сүйүнай Калмановна-Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.