Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

27.12.2013 Мамлекеттик тил боюнча иш-чара

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА 2013-ЖЫЛЫ АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИ ЖЫЙЫНТЫКТОО

 

Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча  Кара-Балта шаардык В.И.Ленин атындагы маданият үйүндө 2013-жылдын 18-декабрында өткөрүлгөн

иш-чара.

 

Мамлекеттик тилге арналган иш-чаранын ардактуу коногу болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиясынын төрагасы-Эгемберди Эрматов катышты.

Эгемберди Эрматов Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-Субанбеков Таалайбек Джамаловичге «Кыргыз Тили» төш белгисин такты. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиясынын «Ардак грамотасы» менен Бириккен аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Роза Бекболотовна, Кара-Балта шаардык мэриясынын мамлекеттик тил адиси-Байбосунова Гүлжан Өмүрзаковна, Ак-Башат а/о башчысы-Алымбаев Нуриль Жайылбекович сыйланышты.

 Иш-чарага райондук мекемелеринин бардык мамлекеттик тил адистери катышышты.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен Мамлекеттик тил Мыйзамын ишке ашырууда өздөрүнүн мекемесинде мамлекеттик тилди жогорку денгээлде алып барышкан жетекчилер жана мамлекеттик тил боюнча адистери сыйланышты:

1. «Кыргыз почтасы» - Жайыл райондук байланыш бөлүмүнүн башчысы Ысаков Догдурбек Бейшенбекович.

2. Үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунун жетекчиси-Жумалиева Гүлмира Байчаковна.

3. Ак-Башат жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык аймагынын мамлекеттик тил боюнча адиси-Жумабаева Атыркүл Турсунбековна.

4. Красный Восток жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык аймагынын мамлекеттик тил боюнча адиси-Ажыматова Роза Усеналиевна.

5. Билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча адиси-Жаманкулова Гүлмира Өмүрзаковна.

6. Бириккен-аймактык ооруканасынын мамлекеттик тил боюнча адиси Бекдавлатова Залина Асанкановна .

7. Райондук электр тармагынын мамлекеттик тил боюнча адиси-Асылбекова Гүлзада Асылбековна.

8. Кара-Балта шаарынын «Алтын короз» бала-бакчасынын жетекчиси-Касыгулова Лариса Бекитаевна.

Мамлекеттик тил Мыйзамын ишке ашырууда мамлекеттик тилди жогорку денгээлде алып барышкан мекемелер да Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кара-Балта шаардык мэриясынын дипломдору жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

            

 

Рыскулова С.К.  – Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси.

 

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.