Портал органов управления Жайылского района Чуйской области Кыргызской Республики
Лента новостей

17.10.2013 Надырбек Алымбековдун чыгармачылык кечеси

 

Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданий уйундо Кыргыз Республикасынын Эл акыны, мекенибизде эмгек сиңирген инженер Надырбек Алымбековдун 70-жылдык мааракесине карата чоң иш-чара  уюштурулду. Атактуу инсанды Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Т. Субанбеков, эмгек ардагери А.Абдыкеев жана Кара-Балта шаарынын Ардактуу ишмери Ж.Казакбаев куттукташты. 

 

Надырбек Алымбеков 1942-жылы Талас облусунун Козучак айылында жарык дуйного келген. Кичинесинен эле жайлоодо атасы менен мал багып, оюн ойноп, боз уйдо кымыз ичип, кара жумушка абдан бышып, балалык чагы тоодо откон. Орто окуу жайын бутургондон кийин Ташкенттеги текстиль институтуна откон. Аны 1967-жылы ийгиликтуу аяктап эмгек жолун баштаган. Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында эмгектенип,  катардагы инженерден генералдык директордун милдетинаткаруучусуна чейин которулгон. Ишкананы куруу жана монтаждоо иштерине толугу менен катышкан. Андан соң 1981-1983-жылдары Н.Алымбеков Ош шаардык элдик контролдоо комитетин жетектеген. 1983-жылы Кыргыз мамлекетинин бийлигинин чечими менен Кара-Балта шаарына килем комбинатын курууга жонотулгон. Бул жерде ал ишкананын башкы директору болуп 1998-жылга чейин эмгектенген. омурунун отуз жылдан ашык убактысын Надырбек Алымбеков ондуруш тармагына арнады. Коптогон эмгеги сиңирген наамдарга жана сыйлыктарга ээ болуп келген.

Руханий байлыгын оркундотуп, философиялык мааниси кенен ыйман жолундагы Надырбек Алымбеков коптогон укмуштуу чыгармаларды жаратып, жаш муундарды тарбиялап оз мекендештеринин арасында кадыр баркка ар дайым ээ болуп келет.

 

 Жокошова К.А., зав.сектором социального развития

 

    вернуться 

Создание сайта:

usaid

Разработка данного портала стала возможной благодаря бескорыстной помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Органы управления Жайылского района несут ответственность за содержание сайта, которое не обязательно отражает позицию Агентства США по международному развитию (USAID) или Правительства США.